• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыздар арасында волейбол чемпионатынын экинчи туру жылдырылды

Спорт 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Кыздар арасында волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын экинчи туру жылдырылды. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Чемпионаттын экинчи туру качан өтөрү азырынча белгисиз.

Тиешелүү буйрукка кечээ, 4-мартта Спорттун олимпиада түрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жоомарт Шакманов кол койгон.

Оюндар 9-13-мартта 8 команданын катышуусунда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлмөк.

Оюндар дүйнөгө тараган коронавирустан улам жылдырылган.

Пикир

Оставить комментарий