• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыздар волейболу боюнча өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 23-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыз-келиндер арасында волейбол боюнча өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Иш-чарага Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов жана Волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңиш Кызалаков катышты.

"Салам-Алик" командасы мелдештин чемпиону аталды. Күмүш медалды "Улар" командасы тагынды. Чемпионаттын коло байгесин "Дордой" командасы жеңип алды. Байгелүү орундарды ээлеген командалар кубок жана медалдар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын сезонунда чемпионатта жалпы 6 команда беттешти.

Пикир

Оставить комментарий