• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыздар жөнүндө 30 кызыктуу маалымат

Дүр дүйнө 0

  1. Көпчүлүк кыздар өзү үчүн көп убакытты талап кылган, кыйын тамак жасабайт.
  2. Кыздардын 90%ына өзүнүн фигурасы жакпайт.
  3. Кыздар атаандаш кыздын акылына караганда сырткы келбетине көбүрөөк баа берип же көрө албастык билдирет.
  4. Үч жана андан көп кыз бир жерге чогулганда, алар эркектер тууралуу аңгемелешет.
  5. Бир гана кыздар арыктоого стимул болсун деп, эки көлөмгө кичинекей шым сатып ала алат.
  6. Кээде кыздарга белекке караганда, ал салынган оригиналдуу кутучасы көбүрөөк жагып калат. Мындай учурда кыздар аны жылдар бою сактап жүрө алат.
  7. Кыздардын көбү жакшы көргөн жигитинин каттарын, смстерин өчүрбөй сактап жүрүшөт.
  8. Эгер сиз бир кызга сөз айтуудан кооптонуп турсаңыз, ал бийкеч сизди жактырарын же жоктугун курбу кыздарынан сурап көрүңүз. Канчалык көп курбудан сурасаңыз, ошончолук туура жооп аласыз.
  9. Кыздар сырты кооз болгон дептер, блокнотторду абдан жакшы көрүшөт. Жана бул буюм керек болбосо деле сатып ала беришет.
  10. Кыздын маанайы жаман болсо, бул абдан коркунучтуу! Аны менен сүйлөшүүгө аракет жасасаңыз, ал сизге таарынууга бир себеп табат. Эгер көңүл бурбай койсоңуз, биринчисинен да катуу таарынып калат.
  11. Ар бир кыз кишиге өзүнүн сырткы келбетинин бир бөлүгү жакпайт.
  12. Кыздар эч себепсиз эле ыйлай алат.
  13. Эгер кызда бир көйгөй жаралса, ал сөзсүз достору менен акылдашуусу абзел.
  14. Кыздар агрессивдүү балдарды жактырат, бирок болочок жолдошу катары мээримдүүлөрдү тандайт.
  15. Кыздын суранычы менен бир техниканы оңдоп коюу менен анын сыйына татыйсыз. Кыздардын дээрлик баардыгы техникадан коркушат.
  16. 1 килограммга толуп калуу кыздар үчүн коркунучтуу нерсе. Кыскасы бир жума бою жаман маанай менен жүрөт.
  17. Кыздар эркектер үчүн тамак катары саналбаган мюсли, алма-жемиш, сулудан жасалган ботко (каша) менен толук кандуу тоюп, айлап жашай алат.
  18. Эгер сиз бийкечти кечки 9га жолугушууга чакырсаңыз, ал 5те эле даярдана баштаганы менен баары бир кечигет. Анткени акыркы саатта бир түп бейбаш чачын калгандарына такыр окшоштура албай коет.
  19. Сиз кыз менен айлап сүйлөшүп жүрүп, бир дагы жолу анын боёнбогон жүзүн көрбөшүңүз мүмкүн. Эгер ал сизге боёнбой көрүнсө, анда бийкечтин ишеничине ээ болдуңуз дегенди билдирет.
  20. Кыздар сүйүктүүсү берген гүлдү сактап коюшат. Алар аны кургатышат!
  21. Кыздар -30 градус суукта жука кофта кийип алышат. Аларды толук кылып көрсөтө турган калың джемпирди өлүм коркунучу алдында да кийишпейт.
  22. Ар бир бийкеч кожоюнун тойгуза тамактандырууну өзүнүн милдети катары эсептейт. Сиздин салмагыңыз канчалык оор болсо, алар ошончолук кубанычта болот.
  23. Ар бир кыз кичинесинен турмушка чыгууну кыялданат жана үйлөнүү тоюн ошондон бери пландап келишет.
  24. Бир дагы кыз түн ичинде ойгонуп, бир нерсе жеп алыш үчүн муздаткычка барбайт. Негизи аялзаты курсак ачкандан түн ортосунда ойгонуу дегенди түшүнбөйт.
  25. Курбу кызынын кирпигинин өзүнүкүнө салыштырмалуу узун болушу, көрө албастык үчүн олуттуу себеп боло алат.
  26. Бийлей албоо - кыз киши үчүн олуттуу көйгөй.
  27. Бүгүн кыздын сырткы келбети жөнүндө айткан жаман сөзүңүз, эртең комплекстин пайда болушуна себеп боло алат.
  28. Кыздар 5 мүнөттүк жолдогу дүкөнгө дагы боёнбой чыгуудан коркушат.
  29. Алардын сүйүктүүсүнө белекти тандоо процесси 2 жумадан бир айга чейин созулушу мүмкүн.
  30. Кыздар идиш-аякты эркектерге окшоп тамактанаардан мурда эмес, тамак ичкенден кийин жуушат.

Пикир

Оставить комментарий