• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кызмат адамдары тарабынан жерлерди мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Кызмат адамдары тарабынан жерлерди мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын, мэриянын жер ресурстарын башкаруу кызматынын, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин шаардык бөлүмүнүн жана Бишкек шаарындагы жер тилкелерди ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү боюнча комиссиясынын кызмат адамдары тарабынан жерлерди мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө борбордогу райондордун биринин мурдагы башкы архитектору Ж.М., ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузуу менен жогоруда аталган мамлекеттик мекемелердин жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен макулдашууга барып, Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы токтому менен мораторий киргизилген жерлердин ичинен мыйзамсыз түрдө архитектуралык-техникалык корутунду даярдап, жубайы А.М. аттуу жаранга каттатып алган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Пикир

Оставить комментарий