• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кызмат ордуна кайтып келген Мамбеталиева президент Жээнбековго ыраазычылык билдирди

Коом 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Өз кызмат ордуна кайтып келген Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева КР Президенти Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebookтагы баракчасында жазган.

Өзүнүн кайрылуусунда, ал бул окуя бүткүл өмүрүнө чейин айтып жүрчү аңгеме сыяктуу болгондугун билдирген.

“Урматтуу Сооронбай Шарипович Жээнбеков, мен сизден акыйкат издеп чоң ишенич менен кайрылып жатканда кезде бул күндү кыялдандым эле! Сиздин берген тапшырмаңыздын негизинде бүгүн мен издеген акыйкат ачыкталып олтурат. Менин кайрылуумдун арты менен мени менен кошо мекендештерим толгонуп, чындыкты, акыйкатты кошо күтүп жатышты. 15-август күнү көзгө сайса көрүнгүс караңгылыктан жылчык шоола издегендей болдум эле. Бүгүн мен ошол жылчыктан күндүн жаркыраган шооласын көрө алдым. Мен үчүн бул окуя бүткүл өмүрүмө чейин айтып жүрчү аңгеме сыяктуу болду окшойт. Мындан аркы ишмердүүлүгүмдү таза жана ачык улантмакчымын. Ал эми кокус кимдир бирөөлөр тарабынан мыйзам бузуулар болуп калса, өзүмдүн колумдан келишинче күрөшүп, мамлекетке өз салымымды кошууга даярмын! Мен көтөргөн маселе аягына чыгат деп Сизге терең ишенем! Бар болуңуз Урматтуу президент, элдин ишеничин арттырып, ак кызматыңызды уланта бериңиз, ден соолугунуз бекем болуп, элибиздин батасына арзып, үй-бүлөнүз менен бакубат өмүр сүрүңүз!", - деп жазган ал

Эскерте кетсек, Анара Мамбеталиева ушул жылдын 15-августунда жумуштан айдалган. Ал ведомстводо митинг өткөрүп, Мамэкотехинспекция коррупцияга малынып калгандыгын айткан. Эң башкы паракорчулар катары инспекциянын статс-катчысы Таалай Асылбеков, кадрлар бөлүмүнүн башчысы Самат Керимкулов жана каржы бөлүмүнүн башчысы Гулкайыр Джумашеваларды атаган.

Мамэкотехинспекциянын маалыматына ылайык, Мамбеталиева уруксатсыз митинг өткөргөндүгү үчүн мыйзам боюнча жумуштан кеткен.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердигинде Анара Мамбеталиеванын кайрылуусунда келтирилген коррупциянын айрым фактыларын изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы түзүлгөн.

А.Мамбеталиеваны Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз катчысы кызматынан бошотуу маселеси боюнча Комиссия төмөндөгүлөрдү аныктаган.

А.Мамбеталиеваны ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган. Бул тууралуу тиешелүү прокурордук жооп кылуу актысы Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жөнөтүлдү.

Экотехмаминспекциянын борбордук аппаратына жана территориалдык бөлүмдөрүнө сыйлыктарды жана материалдык жардам берүүнүн мыйзамдуулугу боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген укук актыларын бузуу менен эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматкерлерге сыйлык ишинин жыйынтыктары үчүн сыйлоо иретинде эмес, майрамдык даталарга шилтеме жасалып, айлык акыга кошумча катары төлөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий