• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кызматчылардын маалыматын топтогон "е-Kyzmat" системасы жайылтылууда

Коом 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Кызматчылардын маалыматын топтогон "е-Kyzmat" системасы жайылтылууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директорунун орун басары Арсланбек Касымалы уулу билдирди.

Анын айтуусунда, бирдиктүү маалыматтык платформанын негизинде кызматчыларды эсепке алуу жана башкаруу процесстерин автоматташтыруу жолу аркылуу мамлекеттик кызматтагы башкаруунун натыйжалуулугун оптималдаштырууга жана жогорулатууга багытталган.

"Маалымат система кадрдык курам жөнүндө электрондук маалыматтар базасын түзүүгө, иш кагаздарын жүргүзүү процессин жана мамлекеттик кадр саясатын стандартташырууга, кадрлар боюнча ыкчам жана анык маалыматтарды пайдалануунун негизинде башкаруучулук чечимдердин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет", - дейт ал.

Касымалы уулу белгилегендей, системаны жайылтуу кийинки милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк берет:

  • Мамлекеттик кызматчыларды башкаруу процессин автоматташтыруу;
  • Маморгандардын кызматчыларын эсепке алуу боюнча жумуштарды аткарууга эмгек чыгымдарды кыскартуу, кадрдык эсепке алуу, айлык маянаны эсептөө, мамлекеттик кызматчылардын окууларын жана карьерасын пландоо сапатын жогорулатуу;
  • Мамлекеттик органдардын жетекчилигине кызматчы тууралуу актуалдуу жана анык маалыматтарды көрсөтүү;
  • Мамлекеттик кызматты башкаруунун жана кадрдык саясаттын эффективдүү жана заманбап методдорун колдоо.

Арсланбек Касымалы уулу кошумчалагандай, системада кызматчылардын билими, квалификациясы, курагы, үй-бүлөлүк абалы, саны жана башкалар жөнүндө аналитикалык отчетторду түзүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий