• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кызматкерлерге айлык акы төлөө боюнча Ош шаардык мэриясы муниципалдык ишканаларга жардам көрсөтүүдө - Топчубаев

Аймак 0

Бишкек, 16.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кызматкерлерге айлык акы төлөө боюнча Ош шаардык мэриясы муниципалдык ишканаларга жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, өзүн-өзү каржылоо ишканалары кызмат көрсөткөн акысын жыйнап, анын негизинде кызматкерлерине айлык акы төлөйт.

"Ош шаардык "Тазалык" ишканасына март айына 11 млн сом чогултуу пландалса, 5,2 млн сом чогулган. Ал эми апрель айында да ошол эле каражат пландалган. Бирок чогулган акчанын суммасы 1 млн сомду гана түзгөн. "Ош шаардык сууканал" ишканасынын март айындагы планы 18 млн сом болсо, 17 млн сом чогулган. Апрель айында 16 млн сомдун 5,5 млн сому гана топтолгон. Мындан улам кызматкерлерге айлык акы төлөө боюнча Ош шаардык мэриясы муниципалдык ишканаларга жардамдарды сунуштоодо. Кырдаалдан чыгып кетиш үчүн акча каражатын бөлүп бердик", - дейт Топчубаев.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий