• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кызматкерлерге кол салган учурлар катталууда. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги алардын кызматкерлерине карата КР жарандарынын мыйзамсыз иш-аракеттери, анын ичинде кол салуу, өмүргө жана ден-соолукка коркунуч келтирүү ж.б. фактылар боюнча айрым учурлар катталып жаткандыгына байланыштуу билдирүү таратты.

“Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгы “WhatsApp” мессенджери аркылуу мыйзамсыз иш-аракеттерге, тактап айтканда, Москва шаарындагы КР элчилигинин имаратына жана анын кызматкерлерине кол салууга үндөгөн жарандарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат. Азыркы убакытта “Москва изилдөө борбору” тарабынан бул иштин материалдары боюнча психологиялык жана лингвистикалык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Экспертиза аяктагандан кийин Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгы РФнын жазык жана административдик мыйзамдарына ылайык жарандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларын көрөт”, - деп билдирет элчилик.

Элчиликтен билдиришкендей, Москва шаарынын Якиманка району боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин бөлүмү тарабынан элчиликтин кызматкерлерине (Н.А. жана С.A.) кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда денелерине залал келтирүү фактысы боюнча эки арызы катталды − Б.А. аттуу КР жараны жана Кыргызстанда төрөлгөн РФнын М.А. аттуу жараныны карата РФнын жазык жана административдик мыйзамдарына ылайык ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

“Кыргызстанга кайтуу үчүн түзүлүп жаткан тизмеге киргизүү максатында элчиликке кайрылган КРнын жарандары тарабынан элчиликтин кызматкерлерин уруп-сабоо сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттердин көбөйүп жаткандыгына байланыштуу элчилик дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратынын коопсуздугун бекемдөө ниетин белгилейт. Ошондой эле, элчиликтин кызматкерлеринин өмүрүн жана ден-соолугун сактоо максатында 1961-жылдагы Дипломатиялык мамилелер жөнүндөгү Вена конвенциясынын 22-беренесине ылайык, элчиликтин имаратын кандайдыр бир басып кирүүдөн коргоо жана кызматкерлердин эркиндигине же кадыр-баркына шек келтирүүнүн алдын алуу үчүн чагымчылдарды жана күнөөлүүлөрдү Россиянын жазык жана административдик мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен элчилик РФнын Тышкы иштер министрлигине кайрылууга аргасыз болду. Дүйнө жүзүндө коронавирус пандемиясынын жайылышына жана жарандар туш болгон кыйынчылыктарга карабастан, ар бир адамдын өмүрү, ден-соолугу жана ар-намысы кол тийгис жана эң жогорку баалуулук экендигин элчилик баса белгилейт. Ага байланыштуу, коомдук тартипти бузууга багытталган ар кандай иш-аракеттер, коркутуулар, кемсинтүүлөр жана элчиликтин кызматкерлерине карата башка мыйзамсыз аракеттерге жол берилбейт жана ага кескин түрдө бөгөт коюлат. Жогорудагылардан улам, элчилик жарандарды бири-бирин урматтоого, сабырдуулукка, адамгерчиликке, коомдук жайларда, ошондой эле, өзгөчө коргоого алынган КРнын РФдагы элчилигинин, Новосибирск, Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле, Владивосток, Санкт-Петербург, Красноярск, Сургут, Иркутск, Якутск жана Южно-Сахалинск шаарларындагы элчиликтин канцеляриясынын имараттарында жана чектешкен аймактарда тартипти жана жүрүм-турум эрежелерин так сактоого чакырат”, - деп билдирет элчилик.

Пикир

Оставить комментарий