• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Кызматташтык чегин кеңейтүү» бизнес-форуму

Коом 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. Бүгүн, 2019-жылдын 17-майында, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын саммити алдында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмунда төрагалыгы алкагында «ШКУ: Кызматташтык чегин кеңейтүү» бизнес-форуму өттү.

Бизнес-форумдун негизги максаты – ишкердик кызматташууну бекемдөө, жаңы өнөктөштөрдү издөө, ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттарын талкуулоо, алдыдагы ШКУ мүчө-мамлекет башчыларынын жолугушуусу астында сунуштарды иштеп чыгуу үчүн уюмдун ишкердик коомчулугунун кесипкөйлүк потенциалын консолидациялоо болуп саналат.

Форум ШКУ артыкчылыктарын ишке ашыруунун, анын ичинде жаңы механизмдерди жана инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу өнүгүүгө багытталган конкреттүү долбоорлор боюнча пикир алмашуу үчүн бизнестин мамлекеттик органдар, илимий мекемелер, ШКУ мүчө-мамлекеттеринин эксперттик коомчулугу менен өз ара аракеттешүүсүн кеңейтүүнүн практикалык куралы болууга багытталган.

Форумдун ишине үч жүздөн ашуун катышуучу – Шанхай кызматташтык уюму диалогу боюнча мүчө-мамлекеттердин, байкоочу өлкөлөрдүн жана өнөктөштөрдүн бизнес-коомчулук өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын башчылары, экономика жана инвестиция тармагындагы көрүнүктүү эксперттер катышышты.

Бизнес-форумдун салтанаттуу ачылышында премьер-министр М.Д. Абылгазиев өз сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмунда төрагалыгы алкагында бул форумду өткөрүүнү демилгелеген.

Бизнес-форум эки пленардык дискуссия форматында өтүп, соода-инвестициялык кызматташуу, мыйзамдык аспектилер жана демилгелер, экспортту илгерилетүү маселелерине арналды. Андан соң форум В2В жолугушуулар түрүндө өттү.

Иш-чаранын алкагында жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алдында кытай тарап менен 5 меморандумга жана 2 млрд АКШ долларынан ашуун суммалык 3 келишимге кол коюлган:

- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин, «Shenzhen Daren Group» ЖЧК, «Lingbao Gold Group» ЖЧКсынын жана «Фул Голд Майнинг» ЖЧКсынын ортосунда алтынды кайра иштетүү заводун куруу боюнча (инвестициялардын пландаштырылган суммасы - 500 млн АКШ доллары) кызматташуу жөнүндө меморандумга;

- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин, «Shenzhen Daren Group» ЖЧК, «Lingbao Gold Group» ЖЧКсынын жана «Фул Голд Майнинг» ЖЧКсынын ортосунда орто азиялык баалуу металлдар биржасын түзүү боюнча (инвестициялардын пландаштырылган суммасы – 1 500 млн АКШ доллары) кызматташуу жөнүндө меморандумга;

- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен Гуандун провинциясынын Курулуш жана жасалгалоо материалдары ассоциациясынын ортосунда Борбор Азия кантондук жарманкесин өткөрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга;

- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин, Гуандун провинциясынын Курулуш жана жасалгалоо материалдары ассоциациясынын жана «Family Invest» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда курулуш материалдарынын индустриалдык паркын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга;

- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен «IBS MA» ЖЧКсы ортосунда транс чек аралык төлөмдөрдү илгерилетүү жаатында стратегиялык кызматташуу жөнүндө келишимге;

- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен «CAS Capstone Technologies Development Co. Ltd» компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында маалыматтык технологияларды өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга;

- «Торугарт Трейд» ЖЧКсынын жана «Вайту» компаниясынын ортосунда инновациялык технологияларга негизделген курулуш материалдарын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча (инвестициялардын пландаштырылган суммасы – 3 млн АКШ доллары) кызматташуу жөнүндө келишимге;

- «АиИ Компани» ЖЧКсынын жана «Romantic Ceramics Co.,Ltd» компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында керамикалык буюмдардын шоу-румун ачуу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимге кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий