• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кызматташуунун жаңы мейкиндиктери: Бишкекте жаштар конференциясы башталды

Коом 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Бишкекте "Россия жана Кыргызстандын жаштары: кызматташуунун жаңы мейкиндиктери" аталыштагы конференция старт алды. Иш-чара РФнын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга күтүлүп жаткан мамлекеттик визитинин алкагында уюштурулган.

Уюштуруучулар Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттиги жана "Евразия-жаңы толкун" фонду. Алардын айтуусуна караганда, иш-чаранын максаты - эки өлкөнүн жаштар уюму ортосундагы гуманитардык тармактагы кызматташтыкты активдештирүү, ошондой эле жаш ишкерлик жана ыктыярчылыкты өнүктүрүү боюнча эки тараптуу программаларды кеңейтүү.

Андан тышкары, форумдун катышуучулары мамлекеттик жаштар саясатынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жолдорун талкуулашат.

Эске сала кетсек, Путин биринчи жолу Кыргызстанга мамлекеттик визити менен 2019-жылдын 28-мартында келет.

Пикир

Оставить комментарий