• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Мыйзам каршы пикирлер менен макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеӊешке жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын каршы пикирлери менен макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеӊешке кайтарды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент каршы пикиринде кабыл алынган Мыйзамдагы анча так эмес терминдерди пайдалануу жана баяндоолордун түшүнүксүздүгү анын жүзөгө ашырууда проблемаларды жаратып, келечекте мамлекеттик органдардын ишмердигинде чечилгис карама-каршылыктарга алып келиши мүмкүн экенин белгилеген.

Атап айтканда, бул баяндоолор кабыл алынган Мыйзамдын 11-беренесинин маанисин жокко чыгарат, анда мамлекеттик жана муниципалдык органдарда саясий жана башка кызмат орундарын ээлеген адамдарга кызматтык милдеттерин аткарууда алардын жана жакын адамдарынын жеке кызыкчылыгы бар актыларды иштеп чыгууга, талкуулоого же кабыл алууга катышууга, көзөмөлдүк, контролдук функцияларды жүзөгө ашырууга тыюу салынары айтылган.

Аталган баяндоо кызмат адамы өз ыйгарым укуктарын жана функцияларын аткарууда жүргүзгөн кандай гана болбосун аракетти эркин чечмелөөлөгө мүмкүндүк берет жана кызыкчылыктар кагылышкан анык фактыларды табууга тоскоол болот. Башкача айтканда, бир жагынан терминдердин так эместиги укук бузуучуларды жоопкерчиликке тартуу мүмкүндүгүнө шек жаратат, экинчи жагынан ак ниет кызматкерлерге негизсиз дооматтардын коюлушуна жол ачышы мүмкүн. Бул жалпысынан кызмат адамдарынын өтө зарыл жана жөнөкөй чечимдерди кабыл алуудан качышына жана коомдо пайда болгон проблемаларга чара көрүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү процесстеринин кыйла бюрократташуусуна себепчи болот.

Ошондой эле кабыл алынган Мыйзамдын 11-беренесинде саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардын иштеп чыгууга, талкуулоого жана кабыл алууга катышуусуна тыюу салынган актылардын түрлөрү такталган эмес. Башкача айтканда, бул түшүнүк актылардын кайсы түрүнө - «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы белгилеген ченемдик укуктук актыларга кирери же «Административдик ишмердиктин негиздери жана административдик жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган административдик актыларга кирери такталбаган.

Эгер «акт» деген терминди мыйзам же Өкмөттүн токтому катары укуктук акт деп түшүнсөк, анда бул түшүнүктөн аркасынан кандайдыр бир мыйзамды демилгелөө же кабыл алууда кайсы гана депутат же Өкмөт мүчөсү кызыкчылыктар кагылышы болду деп айыпталышы мүмкүн. Ошондуктан, коррупция менен күрөшүүгө өбөлгө болгудай так баяндоолорду киргизүү талап кылынат.

Мындан тышкары, Президент Мыйзамды андан ары жүзөгө ашыруу механизмдерин караган тиешелүү мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу менен кабыл алынган Мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн шайкеш келтирүү зарылдыгын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий