• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кызыктырган суроолор боюнча комендатурага WhatsApp-канал же 1312 номери аркылуу кайрылууга болот – Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Шаар тургундары аларды кызыктырган суроолор боюнча Бишкек шаарынын комендатурасына WhatsApp-канал же 1312 номери аркылуу кайрыла алат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Урматтуу шаар тургундары сиздерди кызыктырган суроолор же маселелер боюнча 1312 түз байланыш номерине же WhatsApp-каналына 0220 001 312 номери аркылуу кайрылсаңар болот", - деди ал.

Аны менен биге Орозалиев укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар болгон учурда жогорудагы номерлерге кайрылууга болорун айтып өттү.

"Ар бир окуя боюнча териштирүү жүргүзүлүп, катуу чаралар көрүлөт", - деди ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий