• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Кызыл-Бел" бекетинин бажы кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) кызматкерлери тарабынан Баткен облусундагы "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө бекетинин бажы кызматкери кармалды. Бул тууралуу Финполдон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Финполго жеке ишкер "Кызыл-Бел" бекетинин бажы кызматкерлерине карата чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Арызда бажычылар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бажы көзөмөлүнөн тоскоолдуксуз өтүп жаткандыгы үчүн системалуу түрдө акча талап кылганы айтылат.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") менен катталган.

Үстүбүздөгү жылдын 26-январында Кызыл-Кыя шаарында пара алып жаткан жеринен "Кызыл-Бел" бекетинин нөөмөт башчысы М.Т. кармалган.

Мындан сырткары, кармалган жарандын унаасын тинтүү учурунда 100 миң сомдой (чет элдик валюта да болгон) акча каражаты табылган.

Пикир

Оставить комментарий