• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кызыл-Бел, Долон ашууларында жолду кардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Кызыл-Бел, Долон ашууларында жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери 11-12 декабрда жолду кардан тазалоодо.

“Аба ырайынын шарттарына байланыштуу жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын алып жүрүүнү сунуштайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий