• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

«Кызыл чырым» уюму Ирактан алып келинген тажик балдарына жардам берүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Эл аралык Кызыл чырым уюмунун психологдору Жакынкы Чыгыштагы согуш болуп жаткан аймактардан мекенине алып келинген тажикстандык төрт бала менен иштешүүдө. Адистер балдардын жаңы жашоого көнүп кетүүсүнө жардам бериши керек.

Быйыл апрелде Багдаддагы лагерлерден төрт тажик бала үйүнө кайтарылган. Учурда алар жакын туугандарынын үйлөрүндө тарбияланып жатышат. Майдан бери психологдор ар бир бала менен өз-өзүнчө иштешүүдө.

Алардын бири Бхава Пойдуал кесиптеши менен бирге балдар жашап жаткан үй-бүлөлөрдө эки жолу болгонун айтты. «Биз балдар менен сүйлөшүп, ойнойбуз. Жалпысынан алар менен бир сааттан төрт саатка чейин чогу болобуз», — деди психолог.

Жардам алып жаткан балдардын арасында 11 жаштагы Марьям дагы бар. Ал учурда чоң атасынын колунда тарбияланууда. «Марьям абдан жакшы кыз. Ал айланадагылардын суроолоруна жооп берүүнү жактырбайт. Мындай балдарга психологдордун суроо бергени туура. Алардан согуш жөнүндө, тигил жакта эмнелерди көргөндүгү тууралуу сураганга болбойт. Биз алардын Иракта көргөн окуяларды унутушуна жардам беришибиз керек», — деди психолог.

Жакында эле БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлчүлүгү дагы Жакынкы Чыгыштан кайтып келген тажик балдары үчүн материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү ниетин билдирген.

Сентябрда бул төрт бала мектепке бара баштайт деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий