• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кызыл эт–жүрөгүңүздүн душманы

Дүр дүйнө 0

Американын изилдөөчүлөрү кызыл этти үзгүлтүксүз пайдалануу организмде химиялык заттардын топтолушуна жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгууга алып келерин аныкташты.

Бул тууралуу Irinn агенттиги Associated Press маалымат агенттигине шилтеме берип билдирди.

Изилдөөлөргө ылайык, кызыл этти көп пайдалануу организмде триметиламин N-кычкылынын химиялык курамынын 3 эсеге чейин көбөйүшүнө алып келет.

Адамдын ашказанындагы бул химиялык заттар жүрөк ооруларынын келип чыгышына өбөлгө болот.

Изилдөөлөргө өз ыктыяры менен 113 дени сак адам катышкан. Алар кызыл эт, ак эт жана курамында белок бар эттен башка азыктар менен тамактанышкан соң алардын организмине изилдөө жүргүзүлүп, триметиламин N-кычкылынын өзгөрүшү байкалган.

Натыйжада тамак-аш рационунда кызыл этти үзгүлтүксүз пайдаланган ыктыярчынын организминдеги триметиламин N-кычкылынын өлчөмү башкалардыкына салыштырмалуу 3 эсеге көбөйгөнү аныкталган.

Бул химиялык заттын организмдеги өлчөмү жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгып калууга түздөн-түз катышы бар. Изилдөөчүлөрдүн айтымына караганда, кызыл этти керектөөнү кыскартуу менен жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгып калуу коркунучун кыскартуу мүмкүн.

Изилдөөчүлөр берген маалыматка ылайык, кызыл этти көп пайдалангандын кесепетинен Америкада орто жаштагы адамдардын ар бир төртүнчүсүнүн организминде триметиламин N-кычкылынын өлчөмү көп чыгат.

Ошентип изилдөөлөр кызыл этти керектөөгө чектөө коюлган диета – жүрөктүн саламаттыгын коргоо үчүн натыйжалуу болуп саналарын тастыктады.

Күнүмдүк тамак-аш рационунда жашылча-жемиштерди, курамында май аз азыктар жана эттин ордуна курамында белок бар буурчак сыяктуу өсүмдүктөрдү пайдалануу жүрөктүн саламаттыгы үчүн абдан пайдалануу.

Жүрөк оорулары дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн негизги себеби болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий