• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Караван эли менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Баткен облусунун Караван айылындагы жашаган тургундар менен Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Арстан Усанов жолугушуу өткөрүп, элдин көйгөйүн укту. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан басма сөз кызматы билдирди.

Караван айылы көп улуттуу айыл. Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук "Таштемир-Ажы" базары да бул аймакка карайт. Бул аймакта улуттар аралык биримдикти сактоо, коопсуздукту камсыз кылуу максатында милиция кызматкерлери ар кандай аталыштагы иш-чараларды такай өткөрүп турат.

Бул аймакта негизинен ээнбаштык, алдамчылык, мал уурулук фактылары көп катталат. Бирок катталган кылмыштар өз учурунда бети ачылып, милиция кызматкерлери тарабынан профилактикалык иштер өткөрүлүп турат.

Кызыл-Кыя шаарындагы милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде аймактарга чыгып арыз-даттанууларды кабыл алат. 2020-жыл ичинде жалпысынан 188 жолу шаар аралап, 75 арыз-даттанууларды кабыл алынып, чечилген.

Пикир

Оставить комментарий