• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кызыл-Кыя шаары муктаждыктарын жергиликтүү деңгээлде чечүүгө жетишүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 миң сом каражат бөлүп, шаардагы саламаттык сактоо кызматкерлерине, санитардык-карантиндик көзөмөл постторунда нөөмөттө турган кызматкерлерди коргонуучу каражаттар менен камсыздоодо. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле шаарды залалсыздандыруу үчүн дезинфекциялык каражаттар сатылып алынды.

Мындан сырткары, өзгөчө кырдаал учурунда санитардык-карантиндик посттордо нөөмөттө турган кызматкерлер үчүн атайын биотуалеттер да сатылып алынды.

Бүгүн шаар мэри Эрмекбай Топчубаев Кызыл-Кыя шаарындагы санитардык карантиндик посттордон кабар алып, коргонуучу каражаттарды тапшырды.

Белгилей кетсек, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы келишим түзгөн текстилдик фабрика күнүнө 2000 беткап даярдоодо.

Пикир

Оставить комментарий