• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл Кызыл-Кыя шаарында 10 ай ичинде 83 мас айдоочу кармалган

Аймак 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында быйыл 10 айда 83 мас айдоочу кармалган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл 10 ай ичинде Кызыл-Кыя шаарында 31 жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болгон. Жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен 6 жол кырсыгы болуп, каза болгондор жок.

Облустук милициядан билдиришкендей, бүгүн шаардык мэрияда жыйын өтүп, анда шаардагы "Айбек" базарынын айланасындагы жол тыгындарын жөнгө салуу, жол кырсыктарын алдын алуу жана автоунаа токтотуучу жайларды иретке келтирүү боюнча маселелер каралып, тиешелүү тапшырмалар берилген.

Пикир

Оставить комментарий