• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кызыл-Кыя шаарында 700гө жакын үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында «АРТ Пласт» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 600 үй-бүлөгө азык-түлүк жардам катары берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, алтын жүз үй-бүлөнүн ичинде 50дөй медициналык кызматкерлердин үй-бүлөсү бар. Аталган ишкана шаардагы медициналык мекемелерге жана санитардык-карантиндик посттогу кызматкерлерге коргонуучу каражаттарды да тапшырды.

Бул күнү Мөл-Булак кредиттик компаниясынын Кызыл-Кыя шаарындагы бөлүмү тарабынан да 75 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди.

Көрсөтүлгөн жардамдар шаардык мэрия менен биргеликте, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген, кырдаалга байланыштуу жумушсуз калган жарандарга, маянасы аз кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө жеткирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий