• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кызыл-Кыя шаарында үч айдын ичинде 11 жол кырсыгы катталып, 3 өспүрүм жабыркаган

Аймак 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарынын аймагында акыркы үч ай ичинде 11 жол кырсыгы катталып, андан жараат алган 3 жаш өспүрүм ооруканага кайрылган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаар аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдүн жол кырсыктарын алдын алуу максатында мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ошондой эле шаар аймагындагы жол кырсыктарын болтурбоо максатында жүргүнчү ташыган автоунаалардын техникалык абалын текшерип, айдоочулардын жол белгилерине баш ийип айдоосу боюнча автобекеттерде жыйналыштарды өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий