• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кызыл-Кыя шаарында милиция кызматкерлери студенттер менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында милиция кызматкерлери студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарындык милициясынын экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлеринин демилгеси менен КИТЭП, БатМУ окуу жайларынын студенттерине коркунучтуу экстремизм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Милиция кызматкерлери жаштарга кандайдыр-бир максатты көздөп, коомдун тынч жашоосуна бүлүк салып, коомго, айлана-чөйрөгө зыян алып келип, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу үчүн биздин өлкөдө тыюу салынган диний агымдарга кирип, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаса, мыйзам жолунда кандай жазалар колдонорун кеңири түшүндүрүп беришти.

Жыйынга шаар аймагындагы күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү мечиттин имам хатибтери да катышып, талкууда ар бир тармак өз багыты боюнча түшүндүрүп беришти.

2021-жыл ичинде Кызыл-Кыя шаарында экстремизмге байланыштуу 6 материал катталып, тергөө иштери сотко жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий