• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кызыл-Кыя шаарында уурулукка шектелип эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында уурулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын ноябрь айынын аягында белгисиз адамдар Кызыл-Кыя шаарынын жайгашкан 67 жаштагы Х.М.ге таандык турак үйдүн эшигин бузуп киришип, 50 миң сом, өзбек валютасындагы 500 миң сум акчасын, ичинде 40 миң сом болгон пенсиондук банктык картасын, ошондой эле алтын буюмдарын уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБне каттоого алынып, КР Жазык кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя шаардык милициясынын ыкчам кызматкерлеринин иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын 19 жаштагы А.С. жана мурда сот жообуна тартылган 20 жаштагы М.М.аттуу тургундары аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий