• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Daewoo Labo жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кеспетинен 4 аял - 1971-жылы туулган О.Т., 1973-жылы туулган К.Ж., 1974-жылы туулган З.Б., 1984-жылы туулган С.Н. жабыкаркаган.

Жабыркаган жарандар жолдо бара жаткан унаалар аркылуу Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. Жерине 3 куткаруучу тартылып, аталган жарандардын аты-жөндөрүн такташкан.

Пикир

Оставить комментарий