• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 31-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган “Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына тийиштүү Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү, билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 22-июнунда кабыл алынган.

Долбоордун максаты Кызыл-Кыяшаарында суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын жакшыртуу. Тактап айтканда:

- капиталдык инвестицияларды каржылоо;

-бул инвестицияларды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн кенеш берүү кызматтарын көрсөтүү;

- корпоративдүү өнүктүрүү Программасын даярдоо жана ишке ашырууда социалдык колдоо жана кызыкдар тараптардын катышуусу үчүн кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү каралат.

Жогоруда аталган Макулдашуулар суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын андан ары өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу маселелерди чечүүнү караштырат жана суу секторун өнүктүрүүгө жакшы таасир берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий