• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 25.10.18 /Аман Алымбеков – Кабар/. Быйыл көмүр кени менен белгилүү болгон Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдыгы белгиленди.

Шаар мэри Эрмекбай Топчубаевдин маалыматында мааракени жыл башында белгилөө пландалган. Анын айтымында, маараке датасы бюджеттин планына киргизилген.

"Шаардын мааракесин белгилөөнүн жана Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу, мектептердин, бала бакчалардын жолдордун курулушу, капремонтун бүткөрүү максатында бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалган. Мындан тышкары, жаңы ишканаларды ачуу жана завод, фабрикалардын кайра жандандыруу багытында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке ишкерлер менен активдүү кызматташууда", - деди шаар мэри.

Бүгүнкү күнү Кызыл-Кыя шаарында 51 миң адам жашайт, ошондой эле күнүнө ушунча сандагы адамдар райондордон жана жакынкы айылдардан келип турат.

"Кызыл-Кыя облустун чоң шаары болгондуктан ар кандай себептери менен көптөгөн облус тургундары күнүнө келип турат. Эки жогорку окуу жайы, бир колледж, кесиптик лицейлер иш алып барат. Жыл сайын мектептер оңдолуп, жаңы бала бакчалар ачылууда. Эгерде өлкөдө бала бакчалар менен камсыз болуу 30%дын тегерегин түзсө, бизде болсо 60 пайызды түзөт", - деди ал.

Жогоруда Кызыл-Кыя мэри белгилегендей, шаар мааракесин белгилөө - инфратүзүмдүн өнүгүүсүнө багытталган. Алсак, мааракеге карата 3 чакырым ички жолдор оңдолуп, 2 мектеп ремонттон өткөн жана 5 миң адамга ылайыкташтырылган шаардык стадиондун курулушу жүрүүдө.

"Шаарда жаштар көп. Аларды кармап калуу үчүн ар тараптуу шарттарды түзүү максатында стадионду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү чечимин кабыл алдык. Курулуш иштери аяктаганда 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион баардык шартка жооп берет. Жаштардын спорт менен машыгууга жана мыкты көрсөткүчтөргө жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми жаштарга, жергиликтүү калкка жумушчу орун түзүү максатында Совет мезгилинен калган эски ишканаларды жандандыруу жана жаңы ишканаларды ачууну колго алдык. Белгилүү болгондой, Совет учурунда биздин шаарда бут кийим фабрикасы, көмүр кени жана бир катар ишкана иштечү. Советтер Союзу тараганда бардык ишканалар ишин токтоткон. Бүгүнкү күндө жеке сектордун күчү менен - ишкерлер, бизнесмендер тарабынан ишканаларды жандандырдык. Бут кийим фабрикасы ишке киришти, эски көмүр иштетүүчү заводдо ишкерлер гипс, дагы бир эски заводдо шифер чыгарууда. Унаа базарын жана соода түйүндөрүн ачууну каалагандар үчүн жер тилкесин бөлүп беребиз. Жалпылап айтканда, ишкерлердин иштиктүү долбоорлорун колдоого алууга даярбыз", - деп жыйынтыктады өз сөзүн шаар башчысы.

Пикир

Оставить комментарий