• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдык мааракеси белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Орто Азиядагы тарыхий шаарлардын бири болгон Кызыл-Кыя шаары кечээ, 24-октябрда 120 жылдык мааракесин чоң салтанат менен белгиледи, - деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мааракеге КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, КРнын Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Сайдалимжон Жураев, Таабалды Тиллаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баштаган аким жана мэрлер, Өзбекстан республикасынан келген делегация жана өлкө аймагынан келген ардактуу коноктор катышкан.

"Майрам шаардын социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүн чагылдырган айыл чарба жана өнөр жай көргөзмөсү менен башталып, шаардын маданият сарайында расмий салтанат менен белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий