• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кызыл-Кыя шаарынын 45 жаштагы тургунунан баңгизаты табылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарынын 45 жаштагы тургунунан баңгизаты табылган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаардык милициясынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери алынган ыкчам маалыматтын негизинде 2021-жылдын 7-июлунда Ош-Исфана автожолунун Кызыл-Кыя шаары менен Караван айылын байланыштырган тилкесинде Кызыл-Кыя шаарынын 45 жаштагы М.У. аттуу тургунун кармашкан. Ал айдап жүргөн унаасынын ичиндеги өзгөчө жыты бар 2 бөлөк оролгон затты өз ыктыяры менен тапшырган.

Аталган факт Кызыл-Кыя шаардык милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Алынган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалып, корутундусунда салмагы 2,4 граммды түзгөн кара куурай чайыры экендиги белгилүү болгон.

Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий