• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну мас абалында 3-кабаттан кулап кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 13.03.22. /Кабар/. Кечээ, 12-мартта Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунун жашоочусу 3-кабаттан кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар окуя болгон жерге барып, 1962-жылы туулган Р.А.Р. аттуу жаран мас абалында турак үйдүн 3-кабатынан кулап, оң буту сынгандыгын аныкташкан.

Куткаруучулар жаракат алган жаранга алгачкы жардам көрсөтүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Учурда жабырлануучунун абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий