• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кызыл-Кыя тамеки заводунун иши жанданды

Аймак 0

Бишкек, 05.12.17 /Кабар/. Кызыл-Кыя Тамеки заводунун иши жандандырылды. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Заводдун жетекчиси Абдимиталип Жумабаевдин айтымында, 2012-жылдан бери сырьёнун жана инвесторлордун жоктугунан завод токтоп турган, эми капиталдык ремонттон өтүп кайра иштеп баштады.

Маалыматта айтылгандай, завод үстүбүздөгү жылдын май айынан баштап Литва мамлекетинин Виргис компаниясы менен келишим түзгөн. Учурда аймактагы дыйкандар өндүргөн тамекинин көлөмү 50 тоннага жетип, баары заводго алынды.

Келерки жылга завод 2000 тоннага чейин тамеки алууну пландоодо. Ал үчүн азыртан завод администрациясы дыйкан чарбалар, дыйкандар менен келишим түзүп, алдын ала керектүү каражаттарын берип жатат.

А.Жумабаев заводдо быйыл 100 адамга жумуш орун түзүлсө, келерки жылга жумушчулардын саны 500дү чамалайт жана алардын маянасы 10 миң сомдон жогору болорун белгиледи.

Өндүрүлгөн продукция Европага экспорттолот.

Белгилей кетсек, завод 20 миң тонна продукцияны иштетүүгө ылайыкташтырылган. Бул ишканага Кызыл-Кыя шаарынын эле эмес, Кадамжай районунун, Ош облусунун Ноокат, Араван райондорунун дыйкандары өндүргөн тамекисин тапшырышкан.

Пикир

Оставить комментарий