• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кызыл-Кыяда 1,5 миң бөтөлкө контрафакттык ичимдик табылды

Аймак 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында 1,5 миң бөтөлкө контрафакттык ичимдик табылды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, контрафакттык ичимдик ишкер «Ю.А.Д.» кампасынан табылган. Тагыраагы, шек жараткан 1 миң 764 бөтөлкө ичимдиктин арасында ата мекендик энбелгиси бар арак, коньяктар табылган.

Учурда тиешелүү экспертизадан өткөрүү дайындалып, анын жыйынтыгы менен материалдар тергөө кызматкерлерине “мыйзамсыз спирт жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү, сактоо” беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоо үчүн өткөрүлүп берилмекчи.

Муну менен бирге мыйзамсыз контрафакттык продукция өндүргөн көмүскө цехтерди аныктоо иш аракеттери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий