• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кызыл-Кыяда 180 орундуу бала бакча ишке берилди

Аймак 0

Ош, 18-апрель /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында 180 орундуу “Баластан” бала бакчасы ишке берилди.

Ачылыш салтанатына өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмек Топчубаев, шаардык кеңештин төрагасы Уулбү Дарилова жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Белгиленгендей, аталган бала бакчаны капиталдык оңдоо иштерине 8 млн сом жумшалган.

2016-жылы Баткен облусунда жалпысынан, 17 жаңы бала бакча курулуп, аларда 1651 наристе тарбияланууда. Облус боюнча 150 бала бакчада 18 миң 253 бала тарбияланат. Кызыл-Кыя шаарында 13 бала бакчада 2 миңден ашык бала бар.

Пикир

Оставить комментарий