• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кызыл-Кыяда 2019-жылы жаңы ачылган ишканалардын эсебинен 380 жумуш орундары түзүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында 2019-жылды жыйынтыктаган коллегия болуп өттү. Анда 2019-жыл ичинде шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, 2020-жылга пландар белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өткөн жылдын жыйынтыгы менен өнөр жай продукциясынын көлөмү 349,5 млн сомдук продукция ѳндүрүлүп, өсүү темпи 111,6 %ды түздү.

Ал эми кичи жана орто бизнес жаатында, ишкерлер тарабынан 185,4 млн сом өлчөмүндө өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. 2018-жылга салыштырмалуу 3,8 млн сомго көп продукция өндүрүлүп, 102,2 % аткарылган.

Салык топтоо боюнча план 187,4 млн сом берилген болсо, факт боюнча 196,8 млн сом жыйналып, 105 % түздү. Өсүү темпи 50%ды түздү.

2019-жылдын 12 айында жалпысынан 1364 жумуш орундары түзүлгөн. Жаңыдан ачылган ишканалардын негизинде пайда болгон иш орундардын саны 380ди түздү. Тагыраагы, 2019-жыл ичинде шаардык мэрия жеке ишкерлер менен биргеликте 7 ишкана ачууну пландаштырылган болсо, натыйжада 8 ишкана ишке киргизилип, анын негизинде 380 жаңы жумуш орундары түзүлдү.

Жыл ичинде шаарга 1747,8 млн сомдук инвестиция тартылган.

“Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы таза суу түтүкчөлөрүн жана канализацияларын реаблитациялоо боюнча” ЕБРР уюму тарабынан жалпы суммасы 6 млн евролук долбоору жактырылып, жумуш жүрүүдө.

Жергиликтүү бюджетке түшкөн каражаттардын эсебинен, курулуш, энергетика, коммуналдык чарба, маданият, транспорт жана жол куруу,спорт тармактарында 27 млн 266,5 миң сомдук жумуштар аткарылган.

Коллегияга катышкан ыйгарым укуктуу өкүл Акрам Мадумаров шаар жетекчилерине тамекини кайра иштетүүчү ишканасынын ишмердүүлүгүн кароо, Кызыл-Кыя-Караван жолунун курулушун бүткөрүү жана шаардын инфраструктурасын чындоо, жашоочулардын жашоо шартын жакшыртуу, жакырчылыкты кыскартуу жаатында жандуу иш алып барууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий