• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кызыл-Кыяда 2020-жылы 142 кылмыш ишинин бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 2020-жылы 142 кылмыш ишинин бети ачылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жыл ичинде Кызыл-Кыя шаарынын калкынын коопсуздугун сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан бир нече иш-мерчемдер иштелип чыгып, учурунда өткөрүлүп турду.

Жолугушууга келген тургундар негизинен жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу, коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгү боюнча маселелерди көтөрүштү.

Кызыл-Кыя шаарынын Северный участкасында жана Караван айылында коомдук алдын алуу борборлору бар. Бул эки коомдук алдын алуу борборлорунун жүргүзгөн иш-аракети коомчулук тарабынан колдоого алынып, мындан ары да ишти жандандыруу багыты боюнча суроо-жооптор болду.

Өткөн жыл ичинде жалпы 152 кылмыш иши тергелип, 142 кылмыш ишинин бети ачылды.

Пикир

Оставить комментарий