• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кызыл-Кыяда 27 үй жана 4 соцобъект сел калдыктарынан тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-июнга карата Кызыл-Кыя шаарында 27 турак үй жана 4 социалдык объект сел калдыктарынан тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, 19-июнда 36 турак үй тазаланып, жалпы 1020м3 сел калдыктары чыгарылды.

Тазалоо иштерине ӨКМнен 106 куткаруучу жана жалпы 9 техника тартылып, калган турак үй жана социалдык объектилерде селден кийинки тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда келтирилген чыгымдар боюнча жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин алып барууда.

Эске салсак, 18-июнь күнү нөшөрлөгөн жаандан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, "өзгөчө кырдаал" режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий