• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Адистер зордукталган 6 жашар кызга психологиялык, укуктук жардам көрсөтүп жатышат

Кырсык 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарында 30-мартта 6 жашар кыз зордукталган, кылмышка 34 жаштагы адам шектелүүдө.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда бул кыз чоң атасы жана чоң апасы менен бирге жашайт. Анын ата-энеси Россияга иштеп кетишкен. Чоң атасынын айтымында, небереси анын көзөмөлүндө шаардык базардан 50 метр аралыкта жайгашкан үйүнүн короосундп ойноп жаткан. Бир маалда кызды таппай калган. Чоң атасы жана апасы неберсин өз алдынча издеп, таппай койгон соң, алар милиция кайрылышкан.

Ушул эле күнү кыз шаардык базарда 4 жаштагы белгисиз адамдын жанынан табылган. Кармалган жаран Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган. “Зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, медициналык экспертиза дайындалган.

Кызыл-Кыя шаардык үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгы зордуктоого кабылган кызга психологиялык, укуктук жана медициналык жардам көрсөтүүдө.

Балдар иштери боюнча комиссиянын жыйыны өткөрүлүп, анда наристени зордуктоо фактысы каралып, мектептерде, үй-бүлөлөрдө жана калк арасында алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттери коюлду.

Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан Баланы коргоонун жекече планы түзүлүп, жабырлануучу кызга жана анын үй-бүлөсүнө психологиялык, укуктук жана медициналык жардам көрсөтүү каралган. План аткарылып баштады. Кыз чоң апасы менен медициналык мекемеге дарыланууга жаткырылды. Мындан тышкары, бул пландын негизинде кызда асыроо боюнча иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий