• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кызыл-Кыяда 34 жаштагы жаран шахтада газга ууланып каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Баткен облусунунун Кызыл-Кыя шаарында 34 жаштагы жаран шахтада газга ууланып каза болду.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылында жайгашкан көмүр шахтасында газ чыккандыгы тууралуу маалымат берген.

Жерине Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Кызыл-Кыя шаарындагы 4-ӨМТККВнан улук лейтенант Кочкоровдун жетекчилигинде 5 куткаруучу тартылды.

Шахтанын 90 метр тереңдигинде 34 жаштагы Ноокат районунун Т.Ө.М. аттуу тургунунун жансыз денеси табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий