• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кызыл-Кыяда адам өлүмүнө шектелип 29 жаштагы жигит кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында адам өлүмүнө шектелип 29 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 22-февралында болжол менен саат 21:00дө Кызыл-Кыя шаарынын "Достук" аллеясында 35-40 жаштар чамасындагы эркек кишинин сөөгү табылган.

Аталган факт Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын Кылмыш-жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде ("киши өлтүрүү") Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында каза болгон жаран Кызыл-Кыя шаарынын 52 жаштагы Х. А., аттуу жараны экендиги аныкталган.

"Аталган кылмышка шектүү катары 29 жаштагы М. У., аттуу шаар тургуну кармалды. Шектүү өзүнүн үйүндө жашынып жаткан. Ал маркумдун төшүнө бычак менен бир жолу сайган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий