• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кызыл-Кыяда аялдын үйүн беткапчан адамдар карактап кеткен. Шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында аялдын үйүн беткапчан адамдар карактап кеткен. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-январда түн ичинде Кызыл-Кыя шаарынын 39 жаштагы тургунунун үйүнө беткапчан 2 белгисиз адам кирип, ашканадагы бычак менен коркутуп, колу-бутун байлаган. Алар үйдөн 100 миң сом акча жана баалуу алтын буюмдарды алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Аталган факты Жазык кодексинин 202-беренеси ("каракчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмыштын изи сууй электе 6-январь күнү Кызыл-Кыя шаарынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 31 жаштагы К.Н. аттуу жашоочусу, Ноокат районунун 32 жаштагы Р.Р. аттуу жашоочусу жана Кызыл-Кыя шаарынын 26 жаштагы Н.А. аттуу жашоочусу кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган Базар-Коргон районунун 31 жаштагы К.Н. аттуу жашоочусу жана Ноокат районунун 32 жаштагы Р.Р. аттуу жашоочусу мурда оор беренелер менен соттолгондугу аныкталды.

Учурда кармалган шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий