• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кызыл-Кыяда баңгизатты жашыруун сатып жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында баңгизатты мыйзамсыз жашыруун сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Жазык кодексинин 268-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо") негизинде ыкчам-тергөө ишин жүргүзгөн.

Натыйжада Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы Р.М. аттуу тургунунун жанынан өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 3 граммга жакын болгон гашиш заты табылып алынган. Кармалган жаран гашишти Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы И.В. аттуу тургунунан алгандыгын билдирген.

"И.В. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзгөндө 8 даана целлофан пакетке оролгон өзгөчө жыты бар, күрөң түстөгү жалпы салмагы 69,5 грамм болгон зат табылып алынган. Табылып алынган зат экпертизанын жыйынтыгында гашиш экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий