• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кызыл-Кыяда базардагы кампадан 97 миң сомдук товарды уурдаган киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарындагы базардан тамеки товарлары уурдалган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар “Таштемир ажы” борбордук базарындагы кампадан 97 миң сомдук тамеки товарларын уурдап кеткендиги аныкталган.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам көрүлгөн иш аракеттин натыйжасында кылмышка шектүү делип Ноокат районунун 35 жаштагы А.А. аттуу тургуну аныкталып, товарларды автоунаасына салып жүргөн жеринен кармалган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий