• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кызыл-Кыяда көчөдө токтоп турган унааны айдап качкан өспүрүм кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Кызыл-Кыяда көчөдө токтоп турган унааны айдап качкан өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Кулатов көчөсүндө токтоп турган "Дэу-Дайхатсу" үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кетишкендигин айтып милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында уурдалган автоунаа Кадамжай районунун Алга айылындагы көчөлөрдүн биринен табылып, алдыңкы капталы сүзүлгөндүгү аныкталган.

Кылмышка шектүү катары Баткен шаарынын 16 жаштагы А.М., аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран Кадамдай районундагы базарлардын биринен автоунаанын ичиндеги сумканы уурдап кеткендиги маалым болгон. Анын ичинде 195 миң сом жана автоунаанын документтери болгон. Азыркы учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп кошумчалашты милициядан.

Пикир

Оставить комментарий