• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кызыл-Кыяда психикалык жактан оорулуу аялга айдоочулук күбөлүк берилген

Коом 0

Бишкек, 05.04.18. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарынын Унаа каражаттарын жан айдоочулук күбөлүктү каттоо департаментинин Каттоо-сынактык бөлүмүнүн кызмат адамдары психикалык жактан оорулуу аялга айдоочулук күбөлүк беришкен. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча 2016-жылдын февралында “В” категориясындагы күбөлүк Үй-бүлөлүк медицина борборунун психиатриялык кабинетинде “Ашык эмес даражадагы такталбаган деменция” диагнозу менен диспансердик каттоодо турган М.Н. деген жаранга берилген. Белгиленгендей, аял айдоочулук күбөлүк алуу үчүн тиешелүү сынактан өтпөй калган.

Бирок, буга карабастан 2015-жылдын ноябрында көрсөтүлгөн ҮМБ нарколог-дарыгери тарабынан М.Н. аттуу жарандын дени сак жана психиатрда каттоодо турбагандыгы тууралуу бүтүм чыгарып берген.

КР КК 350 (жасалма документ) жана 315-беренеси (кызматтык жасалма документ жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, бул Кыргызстанда психикалык жактан оорулууларга айдоочулук күбөлүгү берилген биринчи учур эмес.

Учурда финансы полициясы өлкө боюнча бул сыяктуу фактыларды аныктоо үчүн текшерүүлөрдү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий