• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кызыл-Кыяда өспүрүмдөр арасында жол кырсыгын алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыгын алдын алуу боюнча мектептерде түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн (ЖКККБ) кызматкерлери мектептерде мугалимдер менен биргеликте жыйындарды уюштуруп, мектеп окуучуларына, ата-энелерге жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Ошондой эле, ЖКККБ кызматкерлери айрыкча башталгыч класстардын окуучуларына жол белгилерин үйрөтүп, суроо-жооптор менен кызыктуу сабактарды өтүшүп, жолдо сак болууга чакырышты.

2021-жылдын 2 айында Кызыл-Кыя шаарында бир жаш өспүрүм катышкан жол кырсыгы катталып, жаш өспүрүм денесинен жараат алып, ооруканага кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий