• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кызыл-Кыяда сууга түшүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Кызыл-Кыяда сууга түшүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бүгүн, 29-июнь күнү шаардын “Кыл-Полот” бассейининде жарандарга сууга түшүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Анда жаш өспүрүмдөргө, ошондой эле жарандарга сууга түшүү боюнча эрежелерин түшүндүрүп жана алдын алуу коопсуздуктар боюнча маалымат жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий