• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кызыл-Кыяда жол эрежесин сактоого багытталган рейддик иш-чара өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында 25-27-январь күндөрү "Коомдук транспорт" аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө жүргүнчү ташыган айдоочуларга жол кыймылынын эрежесин так сактоо керектиги айтылды. Ошондой эле жол транспорт кырсыгын алдын алуу жана болтурбоо максатында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан сырткары, жол эрежелерин бузган айдоочуларга төрт протокол толтурулду.

Пикир

Оставить комментарий