• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кызыл-Кыядагы №7-кесиптик лицейинин 75 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 15.12.17 /Кабар/. №7-кесиптик лицейинин 75 жылдык мааракесине катышкан КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев,кылымга тете тарыхы бар лицей, узак жылдар аралыгында аймактын кадр маселесин чечүүдө зор салым кошконун белгиледи. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө эмгек рыногунда өнөр жай кызматкерлерин, тейлөө тармагындагы адистерди тарбиялап чыгарып, алар облусубуздун ар бир тармагында өз ордун таба алгандыгын айтты. Учур талап кылган, өлкө муктаж болгон адистерди тарбиялап жаткан лицейге Абиш Халмурзаев 50 миң сом акчалай белегин тапшырды.

Ошондой эле лицейде көп жыл үзүрлүү эмгектенген мугалимдерге сыйлыктарын тапшырды.

Салтанаттын жүрүшүндө лицейдин тарыхы тууралуу сахналаштырлган көрүнүштөр тартууланып, ар бир адистик тууралуу көргөзмө коюлду.

Лицей 1942-жылы кыргыз ССРнин эмгекти башкаруу резервдер бөлүмүнүн буйругу менен ачылган. Анткени ал убакта Кызыл-Кыя шаарында көмүр өндүрүү тармагы кыйла өнүгүп, кен казуу үчүн жумушчу кадрларга муктаждык күчөгөн.

Аталган лицей, кесиптик окуу жайлардын республикада алтынчысы болуп ачылган. Ошол мезгилде окуу жайында жыгач, темир усталары, шахта жабдууларын оңдоочу слесары, электр оңдоочу, жер астында иштөөчү электр слесарлары сыяктуу адистер даярдалган.

Ал эми бүгүнкү күндө, аймактык эмгек рыногун анализдөөнүн жыйынтыгында жыл сайын 450дөн кем эмес окуучулар машина куруу, курулуш, жеңил өнөр жайы, тоо кен багытындагы адистерди 3 жылдык, 10 айлык жана кыска мөөнөттүү бюджеттик жана келишимдик негизде кошумча, ашпозчу, официант-бармен, автомеханик адистерин даярдап чыгарууда.

Пикир

Оставить комментарий