• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кызыл-Кыядагы кафеде мас абалындагы жарандар мушташа кетип, бир адам каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы кафеде мас абалындагы жарандар мушташа кетип, бир адам каза тапты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 11-февралда болжол менен түнкү саат 00:20да Кызыл-Кыя шаарынын аймактык ооруканасына 39 жаштагы М.А. аттуу жергиликтүү тургун оор абалда жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгон.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту ("Этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Т.Б., Э.Б., Б.А., С.И., М.М. аттуу 5 жаран кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын Жаштык көчөсүндөгү кафелердин биринде жогоруда көрсөтүлгөн жарандар спирт ичимдигин ичип, пикир келишпестиктен улам мушташып кетишкен.

Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий