• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кызыл-Кыядагы мектепте өрттүк-тактикалык машыгуу өттү – фото

Аймак 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарындагы Пушкин атындагы орто мектебинде өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуу учурунда мугалимдерге жана окуучуларга өрт коопсуздук эрежелерин туура сактоо, мектептин экинчи кабатынан окуучуларды куткаруу, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана өзгөчө кырдаалдар катталган учурда өзүн алып жүрүү эрежелерин үйрөтүштү.

Бул машыгууга Кызыл-Кыя шаарындагы №62 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 өрт өчүрүүчү, 1 авариялык куткаруу автоунаалары 8 куткаруучу 1 фельдшер тартылды.

Пикир

Оставить комментарий