• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кызыл-Кыядан Ферганага автобустук каттам ачылды

Аймак 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Кызыл-Кыя – Фергана – Кызыл-Кыя эл аралык автобустук каттамы ачылып, ишин баштады. Бул тууралуу Автотранспорт агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгы билдирди.

Каттамдагы алгачкы автобустарды Кызыл-Кыя шаарынан мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары узатып, Ферганада Өзбекстандын президентинин өкүлү, Фергана облусунун администрациясы жана район акимдери шаан-шөкөт менен тосуп алышты.

Алгачкы жүргүнчүлөрдүн жол акысы акысыз болду. Калган күндөрү жол кире 65 сомду түзөт. Каттамды чоң жана кичиавтобустар ишке ашырат. Күнүнө төрт каттам болот, транспорттор саат 09:00дө, 10:00дө, 14:00дө жана 15:00дө Кызыл-Кыя шаарынын автобекетинен жөнөп кетет.

25-сентябрда Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян шаарларынын ортосунда автобустук каттамы жанданган. Анын акысы 100 сом деп белгиленген.

2005-жылкы Анжиян окуяларынан кийин Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын бир тараптуу жаап, андан өтүү татаалдашкан. 2016-2017-жылдардан тарта эки өлкөнүн президенттеринин, премьер-министрлеринин жолугушууларынан кийин карым-катыш кайра жанданган.

Пикир

Оставить комментарий